КОШУМЧА НАРК – уюм тарабынан сатылган товар (көрсөтүлгөн кызмат) жана материалдардын баасы менен аны өндүрүүгө кеткен чыгымдардын ортосундагы айырмасы; түшкөн кайтарымга барабар. Өз ичине айлык акыга, капиталга, рентага жана кирешеге барабар үстөк пайызды камтыйт. Бул көрсөткүч кошумча нарк салыгын алуу үчүн колдонулат.
КОШУМЧА НАРК САЛЫГЫ (КНС) – кошумча нарк салыгы салынып, КР аймагына ташылып келингендердин наркынын бир бөлүгүн бюджет кирешесине алуунун бир таризи. Ага КРге импорттук жеткирүүлөргө салынган салык да кирет. Кошумча нарк салыгы ташып жеткирүүгө жана импортко салынат.